Депутат 18 жаштагы кыздарды ата-энелери менен же турмушка чыккандан кийин чет өлкөгө жиберүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Тагыраагы, эл өкүлү бүгүн, 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек дейт.

"18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энелери менен жиберсек же болбосо турмушка чыккандан кийин барса... Миграция кызматы бизге тиешелүү маалыматтарды берсин. Бул жааттагы мыйзамдарды карап чыгыш керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан