Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыялар үйү болгону турат. Бирок анын тарапташтары каршылыгын билдирип митинг кылып, талаптарды койгон. Би-Би-Синин кабарчысы өлкө башчы Садыр Жапаровдон акыркы учурдагы чуулгандуу окуяларга байланыштуу маек алды.
Би-Би-Си: Атамбаевдин тарапкерлери Арашанда митинг кылып, курч мүнөздөгү талаптарды койду. Өлкөдө чындап эле революциялык кырдаал түзүлдүбү?
Садыр Жапаров: Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбековдун маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаевдин маалында эле соттун чечими менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коёлу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок баш аламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип жатат. Ким уурдап жатса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып жатышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет.