"Балээге калгандар эле мугалимдер". Депутат саясий иштерге окутуучуларды тартууга тыюу салууну сунуштады

Мугалимдерди саясий иш-чараларга тартууга тыюу салууну депутат Адахан Мадумаров сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда социалдык саясат комитетинин жыйынында айтты.

Эл өкүлү "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамды кабыл алуу жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

"Мугалимдерди саясий иш-чараларга тартууга тыюу салууну сунуштайм. Азыр балээге калгандар эле мугалимдер болуп калды. Бишкектен ким барса эле мугалимдерди жыйнайт. Саясий иш-чара болсо эле мугалим менен окуучуну топтойт, залга киши толбой калса студенттерди топтойт. Буга тыюу салыш керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан