Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Эрулан Кокулов "кара тизмеге" түшүп калбоо үчүн мигранттарга жетиштүү маалыматтар жок экенин белгиледи.
"Чет өлкөгө мигрант болуп кеткен жарандарыбыз "кара тизмеге" түшпөө үчүн кандай катачылыктарды кетирбеши керек? Ушул суроого жооп барбы? Мисалы мен Орусияга кетейин деп жатам, мага ким маалымат бере алат?", - деди.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жетекчиси элчиликтердин сайтында, социалдык тармактагы топтордо "кара тизмеге" түшпөө тууралуу маалыматтар бар экенин белгиледи. Көп эле өлкөлөрдөн мигранттар экиден ашык эреже бузса "кара тизмеге" киргизгенге укугу бар экенин кошумчалады.
Депутат "бул мага конкреттүү жооп эмес" деп нааразы болду.
"Силердин оюңар боюнча ушул мага конкреттүү жооппу? Мен азыр Орусияга баргым келип жатат, кетейин деп жатам. Конкреттүү жооп бердиңизби мага? Элчилик бар дейсиңер... Эдил Байсалов, мен силердин элчилигиңерди билем, кандай иштей турганын, кандай мамиле кыла турганын айта алам. Эртең Орусияга кетип жатам, кандай эрежелер бар, аларды бузса эмне болорун кайдан билем?", - деди эл өкүлү.