Акыркы 2 жылда Кыргызстанда жакырчылыктын саны өскөн. Бул туурасында парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Осмонов айтты.
Эл өкүлү белгилегендей, Бириккен улуттар уюмунун отчётунда жакырчылык 25 пайыздан 38 пайызга өскөн деп жазылган.
"2 жыл ичинде жакыр адамдардын саны 13 пайызга өсүптүр. Бул Бириккен улуттар уюмунун отчётунда жазылган. Биз фактыларга таянып айтабыз. Сиздер бизге туура эмес маалымат берип жатасыздар", - деди депутат.
Ал эми Эдил Байсалов уюмдун маалыматында болжолдуу коркунуч айтылган деп эсептейт.
"Уюмдун маалыматында жакырчылык коркунучунун деңгээли тууралуу айтылган. Келгиле, биздин расмий гана маалыматтарга ишенели. Туура эмес маалымат берилген окшойт. Жогорку Кеңештин трибунасында туруп калп айтуу - бул кылмыш. Биз ачуу чындыкты да айта алабыз", - дейт министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Бириккен улуттар уюмунун ашкере жакырчылык боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер жыл аягына чейин Кыргызстандын калкынын үчтөн биринен көбү жакырчылыктын чегине түшөрүн билдирген.