Президент британ басылмасына берген маегинде Кыргызстан гидроэнергетикага кантип өтүп жатканын айтып берди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан көмүртектин калдыктарына каршы күрөшүүдө өз алдынча кадамдарды жасап жатканын белгиледи. Бул туурасында ал "The Independent" британ басылмасына курган эксклюзивдүү маегинде айтты.

Жапаров мамлекет башчы болуп шайлангандан бери "Жашыл Мурас" аттуу жаңы демилге көтөргөнүн, жыл сайын өлкөдө алты миллион жаңы бак-дарак отургузууну көздөп жатканын билдирди. Муну менен Кыргызстан акырындап көмүртек чыгарган энергиядан кайра жаралуучу энергия булактарына, атап айтканда, гидроэнергетикага өтүп жатканын кошумчалады.

"Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз, көзөмөлүбүздө. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эрип, дарыялардын кургап кетүүсүнөн сактап калуу максатында 2022-жылды "Тоо экосистемасын коргоо жана климаттын туруктуулугун камсыздоо жылы" деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койдум.

Суу ресурстарынын таңкыстыгын эске алуу менен айыл чарбасына жана эл чарбасынын башка тармактарына сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну арттырып, каржылык стимул көрсөтүү жана эл арасына маалыматты көбүрөөк жеткирүү аркылуу сууну күнүмдүк турмушта сарамжалдуу пайдалануу аракеттерин көбөйтүп жатабыз", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан