Депутат азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов парламенттин кезектеги отурумунда азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.

"Кыштын камын жазда көр дейт. Азыр дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабарыңыздар бар. Украина 4 миң тонна буудайын экспортко чыгара албай турат. Казакстан дагы буудайды сыртка сатпоо чечимин чыгарды. Кыргызстан буудайды импорт кылып алат. Кышында буудай жок калбайбызбы? Өкмөттү кийинки жыйынга чакырып маалыматын угалы", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан