Балбак Түлөбаев: "Бактылуу болоюн десем эле үйдө шекер жок болуп калат же Ленин өлүп калат дегендей эле болуп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн, 22-июнда парламент жыйынында мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү сынга алды. Тагыраагы, ал 5 мыйзам долбоорун өз-өзүнчө алып добуш берүүгө каршы болду.

"Бактылуу болоюн десем эле үйдө шекер жок болуп калат же Ленин өлүп калат дегендей эле болуп жатат. Буга чейин болуп келген нерселер эмнеге бүгүн болбой жатат? Комитеттерден өттү, бул мыйзамдар 3-4 окуудан өттү, кээ бир мыйзамдар үчүн уктай да элекпиз керек болсо. Ушинтип отуруп сезонду да өткөрүп жиберелиби?

Биз элге кызмат кылабызбы же бири-бирибизден тамга талашып отура беребизби? Кээ бир нерселерге көз жумуп эле жүрбөйбүзбү. Ишти улантсак...", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан