"Казинонун логотиби Балбак Түлөбаевби?" дейт депутат

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу депутаттардын ортосунда кайчы пикирлер жаралды. Анда Балбак Түлөбаев бардык жерде жабык казинолор бар экенин айтты.

Буга Мирлан Самыйкожо жооп кайтарып, мыйзам долбоорун демилгечилер өздөрү коргосо болмок деген пикирин айтты.

"Казино боюнча мыйзамдын демилгечиси ким? Өкмөт болсо өздөрү келип жооп бербейби, ушул жерде депутаттарды бири-бири менен кырылыштырып, сын пикирлерди айттырбай, өздөрү коргобойбу мыйзам долбоорун. Же эмне казинолордун логотиби Балбак Түлөбаевби?!" - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан