Акылбек Жапаров: "Онлайн казинолордо Кыргыз жарандарына ойноого тыюу салынат"

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында казино боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлат. Анда мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, айрым чектөөлөр бар экенине токтолду.

"Онлайн казино боюнча биздин компьютердик адистерибиз иштеп жатат. Онлайн казино ойноордон мурда каттоодон өтөт. Эгер ойной турган адам биздин жаран болсо анда ага тыюу салынат. Адистер иштеп жаткан программада ошондой механизм бар экен. Биздин адистер Беларусь өлкөсүнө да барып жогорку технологиялар паркында болушту.

Мындан тышкары Грузияда реформалардын баарын жасаган премьер-министрдин компаниясы менен келишим түзөбүз, 2 күндөн кийин келишет. 200 миллион долларга дата борбору курулуп, Кыргызстанда Ютубду, Фейсбукту канча адам колдонсо канча каражат төлөгөнү боюнча эсепти чыгарып беришет. Ошонун баарын көзөмөлдөй турган механимздерди сунуштап жатышат. Биз аларга интернеттеги жат көрүнүштөргө чектөөлөрдү киргизип берүүнү суранып жатабыз. Жарым жылдын ичинде ишке ашырабыз дешти", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан