Парламент жыйынында казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казинолорду кайсы жерлерге ачууну пландап жатышкандыктарын айтты.
"Мыйзам долбоорун кабыл алып бере турган болсоңор, ыңгайлуу жерлерге ачалы деп жатабыз. Биринчи кезекте мыйзамда жазылгандай 20дан ашык бөлмөлөрү бар конок үйү болсун, 100 орундуктан кем эмес ресторандар болсун деп.
Убагында чек араларда дагы ачылган. Колдоп берсеңер, алгач Ысык-Көл облусунда ачабыз. Андан кийин Бишкек шаарына", - деди Жапаров.