Кечээ, 23-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди жана жубайы Майрам Акаеваны кабыл алды. Жолугушуу Нур-Султан шаарында болуп өттү. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, санариптик экономика жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар талкууланган.
Белгилей кетсек, буга чейин Аскар Акаевдин Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барганы айтылган.