Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Аталган чечим улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жана өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпин жогорулатуу жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Кепилдиктер Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине берилет.
Кепилдик берүү жөнүндө чечим министрлер кабинети тарабынан кепилдик берүү үчүн болгон каражаттардын чегинде кабыл алынат. Кепилдик бюджеттик кредиттер боюнча карызы бар субъекттерге берилбейт.
Кепилдик аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпаган милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттерине гана берилет.