Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы жана кызматкерлеринин айлыгы айтылды. Тагыраагы, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова канча айлык аларына кызыкты.
"Бүгүнкү күндө окладым 110 миң сом. Кошумча кызматтык тажрыйба үчүн берилет. Ал эми бөлүм башчылардын айлыктары 72 миң 500 сом", - деди.
Депутат компанияны ким каржылайт деген суроосуна "республикалык бюджеттен" деген жоопту алды. Матраимов ипотекалык компаниянын жетекчисине президенттен да көп айлык алып жатканын айтты.
"Акционердик коом болгону менен ишкана мамлекеттик. Силерде 50 кызматкер иштеп, айына кем дегенде 30-40 миллион сом айлык төлөнүүдө. Кылган ишиңер кайрылган жарандарды кезекке тургузуп, документтерди чогулт дейт экенсиңер. Туура болбой калса артка кайтарат экенсиңер. Алар документтерин даярдагандан кийин банкка жибересиңер, ал жактан акча алуу үчүн кезекке турушат. Региондо 10 адам жасай турган ишти аткарат экенсиңер. Сиздин кызматкерлериңиз кагаздарды чогултуп, 3 банкка болүп берип коюп отурат. Башка жумушуңар жок", - деп нааразы болду.