Парламент жыйынында депутаттар "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун ижарага түркиялык ишканага берүүсүнө каршы болушту. Депутат Жанар Акаев стратегиялык объекттерди ижарага берүүгө караманча каршы чыкты.
"Министрлер кабинети түрктөрдүн анча белгилүү эмес компаниясы менен меморандум түзүү алдында турат. Ага ылайык, "Манас", "Ош" эл аралык аэропорттору 39 жылга түркиялык ишкананын башкаруусуна берилет. Биз аба майдандарыбызды сырткы башкарууга берип жатабыз. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банк аркылуу ачык сынак өткөрүлөт деп сөз берилген. Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар сынакка катышабыз деп жатканда эч кандай конкурсу жок, эч кандай тендери жок Түркияга бергени жатабыз.
Өкмөт аралык комиссия аэропортторду сырткы башкарууга берүүгө терс корутунду чыгарган, Тышкы иштер министрлиги улуттук кызыкчылыкка каршы келет деген. Бирок ага карабастан министрлер кабинети, бийлик аэропортторду түркиялык ишкананын колуна карматканы турат. Булар 557 миллион доллар инвестиция кылат экен. Ал эми "Манас" аэропорту жылына 50 миллион доллардан киреше берип жатат, ошондой эле жылына 5 пайыз өсүү болот деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот?
207 миллион долларды биз түрктөргө жөн эле төлөп калабыз. Ушул коңгуроону президентке, УКМКнын төрагасына да жеткирели", - деди ал.
Ал эми Шайлообек Атазов жыйынга аэропорттун жетекчилигин чакырып, эмненин негизинде түрк ишканасына берип жатканы боюнча суроолорго жооп берүүнү сунуштады.