Депутат мамлекеттик кызматкерлерге ак калпак кийүүнү милдеттүү кылууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов ак калпак кийип жүрүүнү милдеттендирүүнү сунуштады. Анда расмий иш-чараларда мамлекеттик кызматкерлерге ак калпак кийип жүрүүнү милдеттүү кылуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Тазабек Икрамов ак калпакка маданий макамды берүү керектигин айтат. Ал белгилегендей, ак калпакты кийип жүрүү менен баш кийимди дүйнөгө таанытуу мүмкүн.

Бул мыйзам долбоору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жетекчилерине өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында жана алардын резиденцияларында ак калпак кийүүнү талап кылат.

Ошондой эле ак калпакты коргоонун жана пайдалануунун тартибин бузган жактар ​​мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан