Депутат Жанар Акаев шаар мэрлеринин кызматтык унааларын электромобилдерге алмаштырууну сунуштады. Айтымында, муну менен үнөмдөө, экологиялык зыянды азайтууга мүмкүн.
"Шаар мэрлери башкаларга үлгү болушсун. Биринчиден, каражат үнөмдөлөт, экинчиден, экологияга келтирилген зыянды азайтабыз. Бул сунушту каржылоо институттарынын баары колдошот. Калаа башчыларына жол тандабастын эмне кереги бар? Мен түшүнмөкмүн, эгер транспорт же өзгөчө кырдаалдар министри айдаса. Алар тоо-ташка барышат.
Бардык мэрлердин унааларын сатып, ордуна электромобил алып берели. Андан кийин жарандарга да электромобилдерди сунуштай алабыз", - дейт эл өкүлү.
Буга депутат Шаирбек Ташиев жооп кылып, Жалал-Абад шаарынын мэри жол тандабас эмес, жөнөкөй эле Тойота Камри айдай турганын белгиледи.