Өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Тараптардын сүйлөшүүсү бүгүн, 30-июнда болгонун президенттик администрациядан билдиришти.
Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативдик жолугушуусу темасына да токтолушту.
Президенттер эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.