Президент 2022-жылы мектеп, медициналык мекемелердин курулушуна каражаттар өткөн жылга караганда эки эсе көп бөлүнгөнүн билдирди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында 2022-жылы мектеп, медициналык мекеме жана башка социалдык объектилердин курулушуна каражаттар өткөн жылга караганда эки эсе көп бөлүнгөнүн билдирди.

“Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 миллиард сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп”, - деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна 3,4 миллиард сом бөлүнүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан