Курманбек Бакиев аны бийликтен кулатуунун артында Владимир Путин жана Орусия турганын ырастады

Мурдагы президент Курманбек Бакиев “Жаңы Ордо” гезитине берген маегинде анын 2010-жылы бийликтен кетишинин артында Владимир Путин менен Орусия турганын жарым-жартылай ырастады.

"Белгилүү дипломат Бакыт Бешимовдун, "Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты!" деп жазганы бар. Анткени Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштүн артында Орусия турган деген маалыматтар эл арасында айтылып келет. Ушул айтылган маалыматтарга ишенсе болобу?", - деген суроо берилген.

"Бул сөздөр чындыкка жакыныраак. Себеп дегенде, мына эки жарым жыл бою митингден башыбыз чыкпады. Биз митингдерди таратууга күч колдонгон жокпуз. Өзүң билгендей, оппозиция өкүлдөрүнүн он миңдеген адамдары менен каршылыктарын билгизип, канча ирет аянтка келишти, бир да жолу митингге чыккандарга каршы ок атып, күч колдонбодук. 2010-жылы 7-апрелде деле Ак үйдүн алдында курал-жарагы жок, тынчтык митингисине келишкенде күч колдонбойт эле", - деп жооп берген Бакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан