Грузиянын президенти Садыр Жапаровго куттуктоо катын жиберди

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкө башчы Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

“Ушул майрамдык күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз деген ишенимди билдирем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан