Ош. Ахматбек Келдибековдун тарапташтары кайрадан митингге чогулушууда

Бүгүн, 3-декабрда “Ата Журт” фракциясынын камакка алынган депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары кайрадан Оштун борбордук аянтына чогула башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди. Учурда борбордук аянтка штаб катары тигилген 3 боз үйдүн айланасында 30-40тай киши жүрөт.

Эске салсак, кечээ, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелерине" ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.

Кечээ, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан