Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Мамлекет башчысы жакынкы коңшулар менен өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал региондук интеграция маселелерине токтолуп, кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын билдирген.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Учурдагы эл аралык кырдаалда Борбор Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык процесстер суроо-талапка ээ жана актуалдуу экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан