“Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту” муниципалдык ишканасынын директору Жыргалбек Асаналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын 19-июлундагы Координациялык кеңештин жыйынында коррупция маселелери боюнча айткан сөзү себеп болду.
Ал эми ишкананын директору болуп Эдил Касмалиев дайындалды.