Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токаевди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалганы айтылат