Бүгүн, 21-июлда Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Эмомали Рахмонду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.