Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө башчы Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын жыйындар залынын алдынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен учурашып, ар бири менен сүрткө түшкөн соң жыйындар залына өтүштү.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалып жаткандыгы айтылат.