Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдей тургандыгын айтты.
"Казакстан чек аралаш аккан дарыялардагы суу ресурстарын өз ара пайдалуу максатта колдонуу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Бул багытта Кыргызстанда "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору кызуу талкууланууда. Кечээ биз үч президент бул маселенин үстүндө алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. Анын ишке кириши Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун чыңдап, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө көмөктөшөт”, - деп билдирди Токаев.
Белгилей кетсек, аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашат.