"Супер концерт-2012" абдан мыкты деңгээлде өтүп, жылдын мыктылары аныкталды (Фоторепортаж)

7-8-декабрда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезити уюштурган жыл мыктыларын аныктоочу "Супер концерт-2012" болуп өттү. "Супер-Инфо" гезитинин 10 жылдыгына карата уюштурулган 2 күндүк концертте өтүп бараткан жыл ичинде маданият, кино, шоу-бизнес, спорт тармагындагы өзүн мыкты көрсөтө алган инсандар сыйланышты. Белгилей кетсек, жылдын суперлерин аныктоо 12 адамдан турган калыстар тобу тарабынан чечилди. Бул жылы "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын Нурлан Насип жеңип алса, Каныкей "Жылдын супер ырчы айымы" деп табылды. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2012-жылдын мыктылары төмөнкүлөр болду:

"Жылдын супер ТВ персонасы" - Нурзат Токтосунова жана Эрмек Нурбаев;

"Жылдын супер спортчусу" - Кылычбек Саркарбаев;

"Жылдын супер дебюту" - Асел Касымова;

"Жылдын супер актёру" - Аскат Сулайманов ("Президент жана бомж" тасмасы);

"Жылдын супер актрисасы" - Марал Койчукараева ("Ээнсиреген үй" тасмасы);

"Супер ремейк" - Азамат Сарыбаев, "Бульварым" ыры;

"Жылдын супер тобу" - "Чоро" тобу;

"Жылдын сахна ажары" - Чолпонай;

"Жылдын супер күлкү жаратуучусу" - Самат Эркинбек уулу ("Тамашоу");

"Жылдын супер ыры" - "Адаштым" (Каныкей);

"Жылдын супер клиби" - "Билип жүр" (Курал Чокоев);

"Жылдын супер тасмасы" - "Президент жана бомж". 

Ошондой эле аталган гезиттин чечими менен Омар "Жылдын сахна адамы" аталса, Урмат Усенов менен Неляга "Кош жылдыз" наамы ыйгарылды. Айчүрөк Иманалиевага "Заманыбыздын супер ырчысы", "Биз" тобуна "Заманыбыздын супер тобу" сыйлыктары тапшырылды. Ал эми Дайыр Исмадияров "Жылдын каарманы" наамына ээ болду. Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезити жылдын суперлерин аныктоо жөрөлгөсүн 8 жылдан бери улантып келет.

Сүрөттөргө комментарий:

1. "2012-жылдын мыкты спортчусу" наамынын ээси Кылычбек Саркарбаев.

2. "Заманыбыздын супер тобу" наамын багындырган "Биз" тобунун жигиттери.

3. Быйылкы "Жылдын сахна адамы" Омар.

4. "Жылдын супер тасмасы" сыйлыгына татыган "Президент жана бомж" тасмасынын режиссёру Ырыс Окенова жана аталган тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков. 

5. "Жылдын супер актёру" наамы быйыл Аскат Сулаймановго тийди.

6. Эрмек Нурбаев "Жылтын супер ТВ персонасы" аталды.

7. Ырчы Асел Касымова "Жылдын супер дебюту" наамына ээ болуп, кубанып турган чагы.

8. Бактылуу түгөйлөр Урмат менен Неля "Кош жылдыз" сыйлыгына татыды.

9. "Заманыбыздын супер ырчысы" деген наам бул жылы Айчүрөк Иманалиеванын бактысына жазылды.

10. Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу ырын жаңыча ырдап чыккан Азамат Сарыбаев "Супер ремейк" наамын илип кетти.

11. Калыстар тобунун чечими менен "Чоро" тобу "Жылдын супер тобу" аталды.

12. "Жылдын мыкты күлкү жаратуучусу" болуп "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу жеңишке жетти.

13. "Жылдын супер ыры" сыйлыгы Каныкейде.

14. "Жылдын каарманы" Дайыр Исмадияров.

15. Чолпонай - "Жылдын сахна ажары".

16. "Жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насиптин кубанычында чек жок.

17. Каныкей 3-жолу "Жылдын ырчы айымы" наамын алды.

18. Курал Чокоевдин бактылуу мүнөттөрү.

19. "Ээнсиреген үй" тасмасынын башкы каарманы Марал Койчукараева "Жылдын супер актрисасы" наамына ээ болду. 

20. Концерттин жабылышында Добр, Каныкей, Чолпонай, Дайыр Исмадияров жана Курал Чокоев "Супер-Инфонун" гимнин ырдашты. Аларды сахнада "суперчилер" коштоп турушту.

Жылдын супер концертинен репортаж (1-бөлүк)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tati
2012-12-10 21:25:17
en sonun otuptur azamatsynar super inf
o
0
turgunbek
2012-12-10 22:56:41
браво супер инфо
0
ainura220888
2012-12-11 03:32:10
Супер инфо неге видиолорду киргизбей жатасыздар сиздерден видио кутуп жатам.Алдына ала рахмат
0
admin_media
2012-12-11 08:45:05
nukesh
2012-12-12 13:55:28
браво соонун мен ойлогондой болуптур
0
Murtek
2012-12-12 17:02:14
жакшы отконуно кубанычтамын. Былтыр ушул концертке барып коруп келген элем, тилекке каршы бул жылы бара албадым.
Бирок жылдын суперлерин аныктоо 12 адамдан турган калыстар тобу тарабынан тандалды дегенге тушунбодум. Сайттагы сурамжылоонун жыйынтыктары эмеспи булар? Эмнеге ал сурамжылоо жонундо айтпайсынар, тушунуксуз. Бул кабарды окуган адамдар, мисал учун жылдын мыкты спортчусу Кылычбек Саркарбаев деп ойлоп калышы мумкун.
0
info
2012-12-12 17:15:02
Murtek, сурамжылоодо алдыӊкы үчилтик тандалат. Жеӊүүчүнү жыл сайын эле калыстар тобу аныктап беришет. Алар ар тармактын өкүлдөрү.
ПыСы. Урматтуу колдонуучу, сизге эскертүү, ушул сыякттуу суроолорду берүү үчүн атайы жер бар http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195. Ушул шилтеме аркылуу кирип калтыруу керек!
0
soledad
2012-12-12 20:59:26
Kural Molodec!
0
Bagirra
2012-12-12 21:41:17
Супер Инфо жамааты мыкты концерт болуптур,
эми видеосун толук кошуп койсонор биз ууффф деп коруп жатып калалык
0
freid
2012-12-12 22:59:39
Жылдыздын копчулугу бир ондо кийинип алышкан го? Неля, Чолпонай, Нурлан Насип...Эрмектики да окшошуп кетет экен!!!
+1
kuba.kg
2012-12-12 23:03:52
концертин качан коро алабыз интернеттен
0
peach
2012-12-13 02:54:11
Doni, jany shymdy dele utuktop kiyish kerek da..
+1
peach
2012-12-13 05:29:03
Nurzattyn surotu kana?
+1
alisher88
2012-12-13 08:09:35
Суперлерге ийгилик! Баары супер!Укмуш ээ?
0
snejinka
2012-12-13 17:03:28
Азаматсынар- СУперчилер!!! видеосун кутобуз чыдамсыздык менен- суроттордон эле байкаса болот сонун болгонун!!!!
0
askar92
2012-12-13 21:51:21
баары сонун видеосун качан жуктойсунор Кылыч байке алга
0
SatiNur
2012-12-14 10:04:07
Суперчилер азаматсынар силер болбосонор мындай денгеелдеги концерттерди коро алмак эмеспиз. Эми видеосун кутобуз кайсыл каналдан берилет?
0
admin_media
2012-12-14 11:09:20
SatiNur,
Саламатсызбы! Жакынкы арада кабарлайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан