Президент ККМ айып пулун жана бирдиктүү салыкты төмөндөтүү тууралуу жарлык чыгарды

Өлкө башчы Садыр Жапаров өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) боюнча айып пул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президенттин “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыгынын максаты - ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу салык климатын түзүү болуп саналат”, - деп айтылат малыматта.

Мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, министрлер кабинетине тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.

Ал эми Улуттук банкка коммерциялык банктарды көзөмөл-кассалык функциясы бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонууга өткөрүү боюнча чараларды көрүү талабы коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан