Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.