Тимур Аскаров жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 3-августта Тимур Аскаров Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми аталган мекеменин директору Александр Настаев.