Башкы прокурор менен Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун эли менен жолугушту

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнда өз көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Ар бир кайрылууну Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары кабыл алышууда, алар боюнча башкы көзөмөл органы тарабынан тийиштүү чараларды көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында бийлик өкүлдөрү элдин көйгөйлөрүнөн кабар алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан