Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы туруктуу координатору Кристин Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
9-августта өткөн жолугушуу Кристин Антье Гравени БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы туруктуу координатору катары аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземинен башталды.
Тараптар Кыргызстан менен БУУнун эки тараптуу кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулашты.
“Маектин жүрүшүндө 2022-жылдын 10-июнунда кол коюлган туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу боюнча БУУнун кеңсесинин Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду”,- деп айтылат маалыматта.
БУУнун координатору Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү органдары менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди.