ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп Исмайил Сагыналиев дайындалды

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп милициянын подполковниги Исмайил Сагыналиев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки жогорку билими бар. Бишкек шаарынын ИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери болуп иштеп баштаган. Кийин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалап келген.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер катары ички иштер органдарынын бардык тармагында кызматын өтөп, жетекчилик кызмат орундарга чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан