Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынат.

2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай чакырылсын. Элдик курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан