Бишкекте Садыр Жапаров тарабынан айымдарга жоолук тартууланды (сүрөт)

Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан айымдарга жоолук тартууланды. Бул тууралуу Муфтияттын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 15-августта Бишкектеги Сарахсий мечитинде муфтий Замир Ракиев өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды айымдарга тапшырды.

Ошондой эле ал аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрүп, аларды аздектөөгө чакырганы айтылат.

"Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, ишемби жана жекшемби күндөрү муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирди.

Саамалыкка дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Гулназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан