Бүгүн, 19-августтан тарта министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу жума сайын отчёт берип турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик органдардын жетекчилери мекеменин Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгышат.
Белгилей кетсек, 14-июлда министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров өкмөт өкүлдөрүнө маал-маалы менен социалдык түйүндөр аркылуу аткарылган иштер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.