Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров "Сурмалу" соода борборундагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан