Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчы Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Али Асадовду 25-26-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына конок катары келип кетүүгө чакырды.