Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:
– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш берилди.
Ошондой эле “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
–Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго;
–Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиевге;
–Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги Руслан Термеевге",- деп айтылат маалыматта