Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, баш мыйзамдын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тартип уставы жөнүндө” 1998-жылдын 7-августундагы №116 мыйзамы менен кабыл алынган Куралдуу күчтөрдүн тартип уставынын 75-пунктуна ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди”, - деп айтылат маалыматта.