"Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз дегендер". Президент санарипке өтпөгөн аткаминерлер кызматтан кетерин эскертти

Өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чиновниктерге эскертүү берди.

"Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, "Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң" деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсы министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз", - деп жазган мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан