"Аларга чара көрүү жөнүндө арыздар келүүдө". Эми “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Анда акыркы убакта турак жай кооперативдерине кошулуу аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылып жатканы, ошол эле учурда турак жай курулуш кооперативдерине акчалай салымдардын эсебинен акчасын жоготуп, кыймылсыз мүлксүз калган жарандардын саны өсүп жатканы жана аларга чара көрүү жөнүндө жарандардан даттануу арыздары келип жаткандыгы айтылат.

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик органдары кооперативдердин чарбалык ишине кийлигишүүгө жана финансылык иштерине текшерүү жүргүзүүгө укуксуз. Алардын ишин жөнгө салууга мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жоктугу жарандардын укуктарынын бузулушуна, калк үчүн материалдык тобокелдиктерге жана жарандардын нааразычылыгына алып келет. Турак жай-курулуш кооперативдеринин ишинде учурда финансылык пирамиданын бардык белгилери бар, биз алардын ишмердүүлүгү жөнгө салынышы зарыл деп эсептейбиз”.- деп жазылат анда.

Ошондой эле мыйзамдын талаптарынын аткарылышына көзөмөлдүн жоктугу мыйзамдардын системалуу түрдө бузулушуна алып келерин жана жарандарга ири материалдык зыян келтирерин белгилеп, буга тергелип жаткан кылмыш иштерин мисал кылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнү айтылган.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет, ошол эле учурда алардын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, алданганын айтып укук коргоо органдарына кайрылгандар да четтен чыгат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан