Бүгүн, 23-августта Бишкекте министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү.
Жыйындын башында министрлер кабинетинин мүчөлөрү Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон мекендештерди бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.
Андан соң бир катар токтомдордун долбоорлору, атап айтканда “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө”, “Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” жана башка чечимдер каралып, жактырылды.