ЕЭК коллегиясынын делегациясы Чолпон-Атага келди

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы 24-августта Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мындан сырткары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан