Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарына келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Президент отурумдун алкагында евразиялык интеграциянын актуалдуу жана маанилүү маселелери карала турганын белгиледи.
"Эл аралык мамилелердин азыркы кризистик шарттарында ЕАЭБ алкагында биздин өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ. Интеграциялык багытка ээ болгон инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун эффективдүү жана таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу талап кылынат. Биз үчүн интеграциялык процесстерге жолтоо болгон тоскоолдуктарды, алууларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча мындан ары дагы жигердүү жана туруктуу иштөө маанилүү. Бул контекстте ЕАЭБ алкагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – товарлардын эркин жүрүүсүнө көңүл бурбай коюуга болбойт. Жасалган кадамдарга карабастан, барьерлер биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода байланыштардын кеңейишине тоскоол болуусун улантууда”, - деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы эл аралык эмгек миграция чөйрөсү Биримдиктин өлкөлөрүндө өтө актуалдуу көйгөй болуп саналарына, ошондуктан Кыргызстандагы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагына барган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров белгилегендей, бул багыттагы, анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча ишти улантуу маанилүү.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Чолпон-Атага бүгүн, 25-августта келишти. Өкмөт башчылардын негизги жыйыны эртең, 26-августта өтөт.