Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Түштүк Парк» турак жай комплексинин керектөөчүлөрүнүн шаардык газ тармагына кошулганына байланыштуу 29-августтан 2-сентябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.