Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган курулуш объектилери алынууда (фото)

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев көчөсүндөгү күч өлчөгүч, Көк-Жар конушундагы соода күркөсү, Калыс-Ордо конушундагы уруксатсыз орнотулган жыгач калыптар, Кайназаров жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 жеңил объекти алынды.

Ошондой эле борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы стихиялуу соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында 2 батут, 1 күч өлчөгүч жана балмуздак сатуу пункту жоюлду.

Мыйзамсыз иштеп жаткан объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык аймакты бошотуу зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан