Бүгүн, 28-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз айымдары арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жазгүл Салайдин кызы билдирди.
Айтымында, мелдеш Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган.
"Айымдар арасында волейбол оюну болуп өттү. 7 облустун атынан чыккан спортту сүйгөн, күчтүү айымдар мыкты оюн көрсөтүп, жакшы маанай тартуулашты.
Жеңүүчү командага Кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунду Ош облусунун, экинчини Нарын, үчүнчүнү Талас облусунан чыккан айымдардын командалары ээледи.
Бөтөн жерде жүрсөк бизди чогултуп, оюн уюштуруп, жакшы маанай тартуулаган уюштуруучуларга, Кыргыз диаспорасына, Айымдар төрайымына спорт комитетине терең ыраазычылык билдиребиз!", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.